Беларуссия президенти Александр Лукашенко камакта жаткан саясий туткундар арасынан 32 кишиге ырайым берүүнү чечкенин «Азаттык» жазып чыкты. Бирок абакта дагы 1300дөй активист кармалууда.
Ырайым алгандар 24 эркек жана сегиз аял, алардын тогузу 50 жаштан ашып калган курактагы адамдар. Аты-жөнү жарыяланган жок, бирок баары «экстремизм үчүн» деп соттолгондор. Беларус бийлиги адатта мындай айыпты бийликти сындаган жарандарына, оппозиция өкүлдөрүнө, активисттерине тагаарын белгилейт «Азаттык».
Ушуну менен Беларуста быйыл жыл башынан бери саясий туткундарга алтынчы жолу ырайым жарыяланып жатат, жалпысынан 178 киши түрмөдөн чыкты.