• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Беш-Күңгөйдө 4 дача катары менен өрттөнүп кетти

22 Теке 20229:04 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылынын Труд көчөсүндө жайгашкан 116, 117, 118, 119-дачаларынан өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Өрттү өчүрүүгө эки куткаруу бөлүмү тартылган. Такталган маалыматка ылайык, бул айылдагы 4 турак үй толук өрттөнүп, 100 чарчы метр аянттагы кургак чөп да күйгөн.

Күбөлөрдүн айтымында, коңшулардын бири эски кийимдерди өрттөгөндө жалындын учкундары кургап турган кургак чөпкө, андан үйлөргө өткөн.

Теги:
Количество просмотров: 969