• Дүйшөмбү 20 Бугу 2024
  • Понедельник 20 Май 2024

Бешимов “Улуттар биримдиги” партиясынын аткаруу комитетин жетектейт

1 Аяк оона 2021 16:54 Бишкек Govori.TV

Аскар Бешимов “Улуттар биримдиги” партиясынын аткаруу комитетин жетектеп жана партиянын саясий кеңешине мүчө болуп шайланды. Бул тууралуу Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов билдирди.

Маалыматка караганда, Бешимовдун талапкерлигин жактыруу чечимин «Улуттар биримдиги» партиясынын саясий кеңеши бир добуштан кабыл алган.

Белгилей кетсек, тышкы иштер министринин экс-орун басары Бешимов көп жылдык тажрыйбасы бар дипломат, ошондой эле Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчи рангындагы наамга ээ.

Количество просмотров: 206