• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Жапаров Кыргызстандын Индиядагы элчисин кабыл алды

24 Бирдин айы 2023 13:55 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров жаңы дайындалган Кыргызстандын Индия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Аскар Бешимовду кабыл алды.

Мамлекет башчысы бир катар конкреттүү милдеттерди коюп, Кыргызстан менен Индиянын ортосунда жакшы саясий диалог түзүлгөнүн жана кызматташтыктын бардык багыттары боюнча жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө мүмкүндүк берген терең өз ара түшүнүшүү бар экенин белгиледи.

Садыр Жапаров Индия — экономикасы өнүккөн өлкө жана түрдүү продукцияларды сатуу рыногу чоң, андыктан эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүү маанилүү экенин баса белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда потенциалдуу инвесторлор үчүн жагымдуу шарттар түзүлгөнүн эске алуу менен элчиге аларды өлкөгө тартуу боюнча дайыма активдүү иш алып барууну тапшырды.

Кыргызстандын Индиядагы элчиси Аскар Бешимов Мамлекет башчысына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, ошондой эле индиялык тарап менен көп тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү боюнча бул кызматтагы пландары тууралуу маалымат берди.

Количество просмотров: 81