Кыргызстандын аймагында бир жуманын ичинде 15 миң 887 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— жогорку ылдамдыкта унаа башкаруу – 3524;
— автоунаанын тиешелүү документи жок – 161;
— транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузгандыгы үчүн – 4394;
— автоээнбаштык – 3;
— жөө жүрүүчүлөрдүн жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн – 506;
— ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган менен тиешелүү макулдашуусу жок кайра жабдылган транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 81;
— жол белгилеринин, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 6172;
— айдоочунун маңдайкы айнеги жана (же) алдыңкы эшиктердин каптал айнектери күңүрттөлгөн унааны башкаргандыгы үчүн – 24;
— мас абалындагы айдоочунун транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 215.
Унаа токтотуучу жайга 927 автоунаа токтотулду.