• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир аптада 25 миңден ашык жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

30 Кулжа 202512:13 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 23-июндан 29-июнга чейин алдын ала маалымат боюнча, 25 миң 374 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок транспорт каражатын башкаруу – 779;
  • мас абалында унаа башкаруу – 331;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 157;
  • жөө жүргүнчүлөр катышуусунда жол эрежесин бузуу – 672;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 4 749;
  • авто ээнбаштык – 18;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 495;
  • жалган мамлекттик номуру менен унаа башкаруу – 9;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 11 468;

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн 2 696  унаа айып короого токтотулган.

ЖКККББ айдоочуларды жол кыймылынын коопсуздугунун эрежелерин так сактоого чакырат.

Количество просмотров: 91