• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бир күндө төрт адам сууга чөгүп кетти

7 Теке 2023 9:35 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда 6-июлда жалпысынан 4 сууга чөгүү катталды. Анын ичинен 3 адамдын сөөгү табылып, 1 адамды учурда издөө иштери жүргүзүлүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашкандай, Чүйдүн Ысык-Ата районунун Люксембург айылынын Ленин көчөсүндө каналдын суу бөлүштүрүүчү түйүнүндө 9 жаштагы С.Б. аттуу эркек баланын сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат 102 кызматынан түшкөн. Бул аймакка 4 куткаруучу тартылып, баланын сөөгүн суудан чыгарып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылында 21 жаштагы уландын көлгө чөгүп кеткендигин маалымдашкан. Аны издеп-куткарууга 4 куткаруучу, кошумча Жети-Өгүз районунан 2 куткаруучу, ИИБден 2 кызматкер жана тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган. Куткаруучулар 21 жаштагы уландын сөөгүн таап, ИИБнин кызматкерлерине беришкен.

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында болжол менен 35 жаштагы эркек киши көлгө чөгүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына түшкөн. Кырсык катталган жерге саат 17:19да Ысык-Көл райондук бөлүмүнөн 5 куткаруучу тартылган. Анын сөөгү 18:32де куткаруучулар тарабынан табылган.

Ал эми Чоң-Чүй Каналына түшүп кеткен 20 жаштагы К.М. аттуу жигитти издөөгө саат 08:47де жалпы 12 куткаруучу тартылган.

Количество просмотров: 320