Бир канча акча алмаштыруучу жайлардын лицензиялары токтотулду
Бир канча акча алмаштыруучу жайлардын лицензиялары токтотулду
12 Тогуздун айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV
Кыргызстандын Улуттук банкы Бишкектеги бир катар акча алмаштыруучу жайлардын лицензиясын убактылуу токтотту.
Улуттук банктан билдиришкендей, 2023-жылдын 11-октябрынан тартып 20-октябрын кошо алгандагы мезгил аралыгына:
Бишкек шаары, Манас проспекти 57, 2-квартира дареги боюнча жайгашкан «УРМАТБЕК» ЖЧК алмашуу бюросунун 2020-жылдын 29-октябрындагы № 6016 лицензиясы;
Бишкек шаары, Киев көчөсү 129 дареги боюнча жайгашкан «Батиста» ЖЧК алмашуу бюросунун 2022-жылдын 12-июлундагы № 6322 лицензиясы;
Бишкек шаары, Абдрахманов көчөсү 133 дареги боюнча жайгашкан «ЭЛКАЗЫНА кейджи» ЖЧКалмашуу бюросунун 2023-жылдын 16-мартындагы № 6491 лицензиясы.
Ошондой эле КР мыйзамдарынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн 2023-жылдын 11-октябрынан тартып «Фикс Кэш» ЖЧК алмашуу бюросунун нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна 2023-жылдын 25-мартындагы № 6495 лицензиясы кайтарылып алынды.