«Ынтымак-Ордодо» өткөн президенттин администрациясынын коллегиясынын отурумунун жыйынтыгында бир катар катаал чечимдер кабыл алынды. Сөз көп сандаган кызмат ордунан бошотуулар, сөгүштөр жана катуу сөгүштөр жөнүндө болуп жатат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасы – президенттик администрациясынын жетекчиси Адылбек Касымалиев билдирди.
Алсак, биринчи маселе боюнча аткаруу тартибинде кетирген кемчиликтери, кызматтык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы, негизсиз командировкага кеткендиги жана мекеменин иш пландарын талаптагыдай жүргүзбөгөндүгү үчүн төмөнкү кызмат адамдарына тартиптик жазалар колдонулду:
1) Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Медер Асанович Машиевге “катуу сөгүш”;
2) Санариптик өнүктүрүү министринин биринчи орун басары К. С. Омельченкого “сөгүш”;
3) Санариптик өнүктүрүү министринин орун басары С.П.Слесаревге “сөгүш”;
4) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары М.А. Баймурзаевге “сөгүш”;
5) Билим берүү министринин биринчи орун басары Б.Т. Супаналиевге “сөгүш”;
6) Жаратылыш ресурстары министринин биринчи орун басары К.У. Касейиновго “сөгүш”;
7) Маданият министринин орун басары Т.М. Ажымалиевге “сөгүш”;
8) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары К.Б. Жанузаковага “сөгүш”;
9) Коргоо министринин биринчи орун басары Э.Дж.Тердикбаевге “сөгүш”;
10) Саламаттык сактоо министринин орун басары Б.К. Арыкбаевага “сөгүш”;
11) Саламаттык сактоо министринин орун басары К.К. Байдавлетовго “сөгүш”;
12) Энергетика министринин орун басары Н.М. Садыковго “сөгүш”;
13) Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун орун басары М.Т.Саргазаковго “сөгүш”;
14) Министрлер Кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун директорунун орун басары М.Б. Усенкановго “сөгүш”;
15) Жаратылыш ресурстары министринин орун басары А.К.Раимкуловага “катуу сөгүш”;
16) Айыл чарба министринин орун басары С.Н. Насирдиновго “катуу сөгүш”;
17) Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Б. Дарманкул уулуна “катуу сөгүш” жарыялансын.
18) Айыл чарба министринин орун басары – Суу ресурстары кызматынын директору А.Т. Сокеев кызмат ордунан бошотулсун.
Экинчи маселе боюнча төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жаза колдонулду:
‒ Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри
Д.Ш. Кендирбаевага “эскертүү”;
‒ Билим берүү министринин орун басары Л.А. Самыкбаева “катуу сөгүш” жарыялансын;
‒ Билим берүү министринин орун басары Р. Абазбек уулу кызмат ордунан бошотулсун;
Билим берүү жана илим министрлигинин төмөнкү кызматкерлерине карата тартиптик жазалар колдонуу сунушталсын;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектептеги, мектептен тышкары жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Б.С. Козуевге “катуу сөгүш”;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин мектепке чейинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Н.А. Касымовага “катуу сөгүш” жарыялансын;
‒ Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо секторунун башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Д.К. Алибаеваны кызмат ордунан бошотуу;
‒ КР Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуудан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы А.Т. Исираилова “катуу сөгүш” жарыялоо.
Үчүнчү маселе боюнча, жергиликтүү мамлекеттик администрациянын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишин талаптагыдай эмес уюштургандыгы үчүн төмөнкү кызмат адамдарына дисциплинардык жазалар колдонулду:
Ошондой эле, номенклатурага ылайык Кыргыз Республикасынын президенти С.Н. Жапаровдун кароосуна төмөнкү сунуштар киргизилсин:
Ошондой эле, Каракол шаарынын мэри Ф.А. Алжамбаевге өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Каракол шаарынын мэринин орун басары Г.Д. Орозованы “ээлеген кызмат ордунан бошотуу” сунушталат.
Нарын районунун администрациясынын башчысы-аким Н.С.Мадимаровго өзүнүн функционалдык милдетин жетиштүү деңгээлде аткарбагандыгы үчүн Нарын районунун мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси Ж.С. Жээналиеваны “ээлеген кызмат ордунан бошотуу” сунушталат.