• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бир нече акча алмаштыруучу жайларга айып пул салынды

21 Аяк оона 202516:41 Бишкек Govori.TV

Улуттук банк Бишкекте жети акча алмаштыруучу жайдын ар бирине 55 миң сомдон айып пул салды.

Башкы банктын сайтында жазылган маалыматка караганда, айып пул аларга Кыргызстандын мыйзамдарын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузганы үчүн салынган.

Ошондой эле Улуттук банкынын лицензиясы жок накталай акча алмаштыруу операцияларын жүргүзгөнү үчүн Кыргызстандын төрт жаранына, ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.

Количество просмотров: 131