• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Бир нече майрамды, анын ичинде 23-февралды иш күн кылуу сунушталууда

24 Бирдин айы 2023 11:31 Бишкек Govori.TV

Эмгек министрлиги айрым майрамдардын статусуна карап, дем алыш күндөрүнө туура келген майрамдарды иш күнгө которууну сунуштады Тийиштүү мыйзам долбоорун министрлик 22-февралда коомдук талкууга чыгарды.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө өлкөдө расмий 14 жумушчу эмес майрам күн бар. Бирок Эмгек министрлиги чынында кыргызстандыктар андан дагы көп күн эс аларын айтууда. Себеби Эмгек кодексинде дем алыш жана жумуш эмес майрам күндөрү бири-бирине туш келип калса, эс алуу күнү майрамдан кийинки жумуш күнүнө жылдырылат деп белгиленген.

Ушуга байланыштуу ведомство бир катар жумуш эмес майрам күндөрүн калтырып, бирок 23-февралды (Ата Мекенди коргоочулар күнү), 7-апрелди (Элдик апрель революциясы күнү) жана 7-8-ноябрды (Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү) иш күндөрү катары белгилөөнү сунуштап жатат.

Ошол эле кезде Эмгек министрлиги январдын башында (31-декабрдан 7-январга чейин) жаңы жылдык каникул, ал эми май айында майрамдардын көптүгүн эске алуу менен (1-9-майга чейин) каникул жарыялоону да сунуштап жатат. А бирок банк түзүмү үчүн бул күндөрдү жумушчу күн катары калтыруу пландалып жатат.

Количество просмотров: 87