• Бейшемби 18 Чын куран 2024
  • Четверг 18 Апрель 2024

Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат

25 Бештин айы 2021 1:02 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандыктар Жаңы жылдан кийин 9 күн эс алат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Министрлер кабинети Жаңы жыл майрамынан кийин жумушчу күндөрдү жылдыруу чечимин кабыл алды. Жумасына беш күндүк график менен иштегендер үчүн 2022-жылдын 1-9-январы жумушчу күн эмес деп жарыяланды.

«2022-жылдын 15-январындагы дем алыш күнү 4-январдагы иш күнгө (тийиштүү түрдө 15-январь 4-январдын ордуна иш күнү болуп саналат), 26-февралдагы дем алыш күнү 5-январдагы жумуш күнгө, 26-марттагы дем алыш күн 6-январдагы жумуш күнүнө жылдырылды», — деп айтылат маалыматта.

Өкмөттүн маалымат кызматы май айында да кыргызстандыктар 9 күн катары менен эс ала турганын билдирди.

«1, 5 жана 9-май да майрам күнү болуп саналат, ал эми Орозо айт майрамы май айынын биринчи күндөрүнө туура келгендигине байланыштуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги тарабынан 1-майдан 9-майга чейинки мезгилди жумуш күнү эмес катары жарыялоо сунушу киргизилди. 2022-жылы майрамдардын көптүгүнө байланыштуу министрлер кабинетинде 23-февраль, 7-апрель, 7 жана 8-ноябрдын макамын кайрадан карап чыгуу боюнча мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыгуу маселеси да каралууда», — деп айтылат билдирмеде.

Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров белгилегендей, май майрамдарын жылдыруу тууралуу акыркы чечим 2022-жылдын I кварталында кабыл алынат.

Количество просмотров: 1574