• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Бир суткада 15 өрт кырсыгы катталды

15 Бештин айы 2022 11:36 Бишкек Govori.TV

Кыргызстанда бир суткада 15 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 16 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 2, Ош шаарында 1, Чүй облусунда 4, Ош облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Жалал-Абад облусунда 2, Талас облусунда 2, Баткен облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Алсак, Ош облусунун Ноокат районундагы Алике айылында жыгач устундуу темир менен жабылган турак үйдүн 12 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Баткен облусунун Кадамжай районундагы Калча айылында турак үйдүн 36 чарчы метр аянты толугу менен күйгөн. Өрт электр зымдарынын кыска чыңалуусунан келип чыккан.

Талас шаарында турак үйдүн жыгач устундуу шифер менен жабылган от жагуучу бөлмөсүнүн 25 чарчы метр чатыры жана шыбы күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Количество просмотров: 55