Бишкек. 03.08.2018.Govori.TV.
4-8-августта Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайы тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.
4-6-августта жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 1-6 метрге чейин жетет.
7-8-августта түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорундо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
8-августта күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
9-10-август күндөрү Кыргыз Республикасынын аймагында күтүлгөн аба-ырайынын жакындатылган болжолдоосуна карата, жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы бир аз жогорулайт.
Абанын температурасы: Чүй жана Талас областтары Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18 күндүз 29…34
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 9…14 күндүз 26…31
Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары Дыйканчылык аймактарда түнкүсүн 15…20 күндүз 29…34
Баткен областында түнкүсүн 15…20 күндүз 31…36
Ыссык-көл областында түнкүсүн 8…13 күндүз 20…25
Нарын областында түнкүсүн 6…11 күндүз 23…28, градуска чейин жылыйт.
Талас, Лейлек, Базар-Коргон, Жети-Өгүз, Нарын райондорунун токойлорунда өрттүн болуу коркунучу жогору, калган аймактардын токойлорунда өрттүн коркунучу аз.
Бишкекте абанын температурасы 33…35 градуска чыкса, Ошто 36 градус болушу күтүлөт.