Өлкө аймагында бир жуманын ичинде 383 мас айдоочу кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 18нен 24-декабрга чейинки аралыкта 16 миң 280 жол эрежесин бузуу фактысы катталган. Анын ичинде рулга тиешелүү документи жок отурган 335 факты катталган.