• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Бирдиктүү салык декларациясын тапшыруу мөөнөтү 1 жумадан кийин бүтөт

25 Жалган куран 2024 16:01 Бишкек Govori.TV

Салык кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1-апрелге чейин салык декларациясын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, ата мекендик уюмдар, анын ичинде юридикалык жакты түзгөн дыйкан жана фермердик ишканалар, ошондой эле туруктуу мекеме түзүү менен республиканын аймагында иш жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга тийиш.

Мындан тышкары, жеке жактар менен жеке ишкерлер 1-майга чейин салык декларациясын тапшырышы керек.

Декларацияны өз убагында тапшырбаган жеке жактарга административдик айып салынат.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 телефону аркылуу же www.sti.gov.kg сайтынан алса болот.

Количество просмотров: 90