• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

«Бириккен демократиялык кыймыл» Таласта жолугушуу өткөрүп, резолюция кабыл алынды

18 Теке 2022 19:38 Бишкек Govori.TV

«Бириккен демократиялык кыймыл» Таласта жолугушуу өткөрүп, эл менен жолугушуунун жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алды. Бул тууралуу аталган кыймылдан билдиришти.

Бириккен Демократиялык Кыймыл, саясатчылар жана активдүү жарандар Бийлик төмөнкү кадамдарды жасоосу зарыл деп эсептейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында төмөнкүдөй резолюция кабыл алынган:

  • 2010-жылкы элдик, апрель революциясынын максаттары ишке ашкан жок. Ал убактагы элдин талабы парламенттик башкаруу болгон. Парламенттик башкаруу калыбына келтирилип, жакынкы келечекте президенттик бийлик толугу менен жоюлсун;
  • Болот Темировду, Болот Назаровду, Таалай Дүйшөнбиевди, Куттумидин Базаркуловду, Тилекмат Күрөңовду, Адилет Балтабайды, Next телеканалын жана бийликтин саясий оппоненттерин укук коргоо органдары, сот, салык органдары аркылуу куугунтуктоо токтотулсун;
  • Бийлик сөз эркиндигин, саясий атаандаштыкты камсыздасын;
  • Азыркы Өкмөт өлкөдөгү оор социалдык — экономикалык, билим, саламаттык сактоодогу кризистерди чече алган жок. Жакырчылык күчөдү, жумуш ордулары түзүлгөн жок, коррупция күчөдү. Ушуга байланыштуу өкмөт отставкага кетип, Эл ишениминдеги өкмөт түзүлсүн;
  • Жогорку Кеңештин 2021- жылы өткөн шайлоосу бийликтин басымы жана мыйзам бузуулар менен өттү. Муну эл аралык жана жергиликтүү байкоочулар далилдеди. Буга кошумча Жогорку Кеңеш өзүнүн регламентин бузуп, Казино мыйзамын кабыл алды. Эгемендүү, тең салмактуулукту сактаган бийлик бутагы боло алган жок. Ушуга байланыштуу Жогорку Кеңеш тарап, жаңы шайлоо жарыялансын.

«Ушул мамлекеттик маанилүү маселелерди чечүүнү биз талап кылабыз жана чечүү жолдорун издөө үчүн Бириккен Демократиялык Кыймыл бийлик менен диалогго барууга даяр»,-деп жазылат маалыматта.

Эске салсак, аталган кыймыл быйыл март айында түзүлгөн. Уюм демократиялык институттарды жана баалуулуктарды калыбына келтирүү, адилеттүү укук системасын түзүү, кризиске каршы экономикалык программаны иштеп чыгуу жана жакырчылыкка каршы күрөш боюнча бийликке альтернативдүү сунуштарды берет.

Количество просмотров: 9518