• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкек — Кашкар багытында тесттик учуу өттү

22 Жетинин айы 20248:59 Бишкек Govori.TV

Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги, “Кыргызаэронавигация” мамлекеттик ишканасы Air KG авиакомпаниясынын учкучтары менен биргеликте Бишкек — Кашкар багытында тесттик учуу өткөрүштү.

Жарандык авиация агенттигинен маалымдашкандай, бул каттам Кытай менен экинчи эл аралык аба коридорун ачуу пландалып жаткан бөлүгүндө навигациялык каражаттардын камтылышын текшерүү максатында ишке ашырылды.

Эске салсак, Кыргызстандын авиациялык кызматтары Кытайдын Кашкар багытында экинчи эл аралык аба коридорун ачуунун үстүндө иштеп жатат. Бул экономикалык гана пайда алып келбестен, учурдагы Кытай менен болгон жалгыз авиа коридордогу тыгындарды жоюуга жардам берет жана учуунун коопсуздугун камсыз кылат.

Количество просмотров: 233