• Дүйшөмбү 22 Кулжа 2026
  • Понедельник 22 Июнь 2026

Бишкек менен Кара-Балтанын айрым жерлеринде газ өчүрүлөт

20 Бугу 202216:13 Бишкек Govori.TV

Бишкек жана Кара-Балта шаарларынын айрым райондорунда жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром» ишканасынын маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 23-майдан 25-майга чейин Бишкек жана Кара-Балта шаарларындагы газ өткөргүчтөрдүн айрым аймактарында келе жаткан күзгү-кышкы жылытуу мезгилине даярдануу максатында пландалган оңдоо иштери жүргүзүлөт.

«Бишкектин Жибек Жолу, Алма-Ата, Сүйүмбаев жана Кара-Балта шаарынын Кожомбердиев, Пушкин, Фрунзе, Крылов, Садовая көчөлөрүндө жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт»,-деп жазылат маалыматта.

«Газпром Кыргызстан» компаниясы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт.

Теги:
Количество просмотров: 190