• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкек–Ош унаа жолуна түшкөн таштар тазаланды

11 Бугу 202617:08 Бишкек Govori.TV

10-майда жааган жамгырдын кесепетинен Бишкек – Ош унаа жолунун 80-124-чакырым аралыгында жолго таш көчкү түшкөн.

«Кыргызавтожол» мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, учурда түшкөн таштарды тазалоо жана жолду коопсуз абалда кармоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлдү.

Иштер “Кыргызавтожол-Түндүк” мамлекеттик ишканасына караштуу №9 Жол тейлөө ишканасы тарабынан аткарылды. Азыркы тапта бардык унаалар үчүн каттам ачык.

«Тоолуу аймактарда жол жүрүүдө этият болуп, жол кыймылынын эрежелерин так сактоону өтүнөбүз», — деп айтылат маалыматта.

Количество просмотров: 131