• Ишенби 18 Бугу 2024
  • Суббота 18 Май 2024

Бишкек-Ош унаа жолунда жол кырсыгынан 3 адам каза болду

9 Кулжа 2018 13:02 Бишкек Govori.TV

Бишкек.09.06.2018.Govori.TV.

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 2018-жылдын 8-июнь күнү саат 04:30 чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 584-чакырымында (Барпы айылы), Volvo үлгүсүндөгү мамлекеттик № B56 43AX оор жүк ташуучу унаа менен Hyundai Porter үлгүсүндөгү мамлекеттик № 06KG 594ABA унаасы кагылышкан. Билдирет ӨКМнин басма сөз кызматы.

Жол кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болгон (1963-жылы туулган Х. М. жана 1995-ж.т. Х. Х.), ал эми жаракат алган 1 адам (2006-жылы туулган Ж. Н.) ооруканага баратып, жолдо каза болгон. Каза болгон адамдар Hyundai Porter унаасынын айдоочусу жана жүргүнчүлөрү болгон.
КР ӨКМнин №58 өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары окуя болгон жерге барышып, каза болгон адамдардын денелерин унаадан чыгарып, тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.
Количество просмотров: 9