• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Ош-Эркечтам унаа жолунда айдоочунун жүрөгү кармап, кырсыкка кабылды

26 Теке 2019 18:05 Бишкек Govori.TV

Бишкек.26.07.2019.Govori.TV.

Ош облусунун Алай районунда жеңил унаа 26-28 метр болгон бийиктиктен кулап кетти. Бул тууралуу Ош ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 22-июль күнү Ош-Эркечтам унаа жолунда катталып, анда 45 жаштагы Алай районунун тургуну өзүнүн Daewoo Kalos унаасы менен Гүлчө айылын көздөй бара жатып, жүрөгү кармап калган.

Окуяга күбө болгон жергиликтүү тургундар милиция кызматкерлерине кабар беришкен. Катталган факт боюнча экспертиза дайындалып, жыйынтыгында айдоочунун жол кырсыгына чейин эле жүрөгү кармаганы аныкталган.

Количество просмотров: 29