• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкек шаардык мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду

2 Бештин айы 2020 18:47 Бишкек Govori.TV

Ленин райондук администрациясынын башчысынын орун басары Карынбаев Аскат Асаналиевич ротация тартибинде мэриянын муниципалдык мүлк башкармалыгынын башчысы кызматына которулду.

Шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдиргендей, бош административдик муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө өткөрүлгөн сынактын жыйынтыгы боюнча жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын башчысы болуп Кадыров Азамат Кадырович дайындалды. Ал буга чейин аталган башкармалыктын башчысы кызматын убактылуу милдетин аткарып келген.

Шаардык чарба департаментинин директору болуп Эшенбаев Нурлан Саматович дайындалды.

Тиешелүү буйрукка шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев кол койду.

Количество просмотров: 189