• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

«Бишкекасфальтсервис» ишканасынын кызмат адамдарына кылмыш иши козголду

24 Жалган куран 2023 12:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Бишкек мэриясына караштуу “Бишкек асфальтсервис” муниципалдык ишканасында коррупцияга каршы аракеттенүү, автомобилдик жолдор жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышына карата текшерүү жүргүзүлдү.Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 2019-2020-жылдар аралыгында Бишкек шаарынын мэриясынын жана “БАС” МИнын жооптуу кызмат адамдары өз кызмат абалдарын кызматтын кызыкчылыктарына каршы пайдаланышып, өздөрү жана башка адамдар үчүн пайда көрүү максатында конкурс өткөрбөстөн жана негиз болуучу тиешелүү документтери жок туруп, жеке үчүнчү жактын эсебине жалпы суммасы 7 млн 624 миң 319 сом акча каражаттарын мыйзамсыз чыгаруу жолу менен сиңирип алышкандыгы аныкталган.

Аталган факт боюнча Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же которуу) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 128