• Жекшемби 28 Чын куран 2024
  • Воскресенье 28 Апрель 2024

Бишкекке Шавкат Мирзиеев келди

13 Тогуздун айы 2023 12:02 Бишкек Govori.TV

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиеев Кыргыз Республикасына келди.

“Манас” эл аралык аэропортунан Өзбекстандын Президентин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси Акылбек Жапаров тосуп алды.

Белгилей кетсек, Шавкат Мирзиеев Кыргызстанга 13-октябрда Бишкекте өтө турган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) мүчө-мамлекеттеринин башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуу үчүн келди. Быйыл Кыргыз Республикасы КМШга төрагалык кылууда.

Количество просмотров: 91