• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

Бишкекте 165 миллион сомдук жер боюнча махинациялык аракеттер аныкталды

4 Бугу 2023 14:26 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаарынын Октябрь райондук прокуратурасы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жана «Кадастр» МИнин Бишкек филиалынын кызмат адамдары тарабынан мамлекеттин кызыкчылыктарына каршы келген коррупциялык фактылар аныкталды.

Башкы прокуратурадан билдиришкендей, 2007-жылы жогоруда аталган кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарын одоно бузуп, формалдуу түрдө аукцион өткөрүп, жеңүүчү деп А.Э.Ж. аттуу жаранды аныкташып, ага Бишкек шаарынын Көк-Жар конушундагы Молдокулов көчөсүндө жайгашкан жер тилкесин 5,5 млн сомго мыйзамсыз сатышкан. Андан кийин аталган жаран жер тилкени “К.Н.М.” ЖЧКсына саткан. 

«Ал эми, жалпы аянты 0,97 га жер тилкесинин базар баасы 165 млн.737 миң сомду түзөт.
Азыркы учурда «К.Н.М.» ЖЧКсы тарабынан бул жер тилкесинде курулуш иштери жүргүзүлүп келет.
Жогоруда аталган кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин натыйжасында мамлекетке өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча райондук прокуратура тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси («Коррупция») менен кылмыш иши козголуп, учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Количество просмотров: 104