• Шейшемби 14 Теке 2026
  • Вторник 14 Июль 2026

Бишкекте 35 мамлекет катышкан кыргыз күрөшү боюнча дүйнөлүк мелдеш өтөт

15 Баш оона 202423:44 Бишкек Govori.TV

22-23-август күндөрү Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөшү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу, II Дүйнөлүк кыргыз күрөшү боюнча чемпионат болот.


Мелдештин биринчи күнү Кыргыз Республикасынын президентинин кубогу үчүн мелдештин алкагында алп күрөш өтөт. Ага Кыргызстандын атынан абсолюттук салмактагы балбандар Бактияр Мирлан уулу жана Бекболот Токтогонов катышат.


Мелдештерге 35 өлкөдөн келген 200дөн ашык спортчу катышары күтүлүүдө. Жалпы
байге фонду 1 000 000 сомду түзөт.

Теги:
Количество просмотров: 268