Бүгүн Жогорку Кеңештеги жыйында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Бишкектеги мектептерде 50 миң бала ашыкча окуп жатканын билдирди.
Министр Кыргызстанда 2173 мамлекеттик жана 204 менчик орто мектептер бар экенин айтты. Аларда жалпы 1 миллион 491 миң бала билим алып жатат.
Догдуркүл Кендирбаева Бишкек шаарында элдин саны көп болгондуктан, билим берүү мекемелерине окуучуларды белгиленген сандан көп кабыл алууга туура келип жатканын кошумчалады.
Бирок Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, шаарда мектептерде бир класста 36дан ашык окуучу болбошу керек эле.