• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Гульзат Исаматова илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткарат

24 Бештин айы 202521:08 Бишкек Govori.TV

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 71-беренесине ылайык токтом кылынып, Исаматова Гульзат Тыныбековна Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Кыргыз Республикасынын илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн
Исаматова Гульзат Тыныбековнанын талапкерлиги Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине макулдашуу үчүн киргизилет.

Количество просмотров: 232