Бишкекте Жаш Гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөсүнүн кесилишинде транспорттук айланма түйүн курууга байланыштуу 64 объект алынат. Бул тууралуу 10-апрелде шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Инвентаризациянын жыйынтыгында долбоорду ишке ашыруу аймагына жеке жер тилкелери да, мурда убактылуу пайдаланууга берилген муниципалдык аймактар да кирери аныкталган. Айрым объекттер Ала-Арча дарыясынын суу коргоо зонасында жайгашкан.
Чарбачылык субъекттердин ээлери менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, аларга тиешелүү билдирмелер берилди. Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы келишимдик мамилелер белгиленген тартипте токтотулган объекттерди демонтаждоого киришти.