Бүгүн, 29-декабрда Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы алдында кезектеги аппараттык жыйын болуп өттү.
Министрликтен билдиришкендей, жыйынга министрликке караштуу түзүмдөрдүн, аймактык башкармалыктардын жетекчилери жана борбордук аппараттын бөлүм башчылары катышты.
«Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол автожолунун курулушунун жүрүшүнө байланыштуу Транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары С.Т.О, Жол чарба департаментинин директору А. К.К, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директору А.Т.Н, «Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту» мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары О.К.К сөгүш берилди. Ведомство жетекчиси аталган жолдун курулушун Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды»,-деп жазылат маалыматта.
Мындан тышкары, министр Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылган.