Бишкекте тогуз айлык бала жеке үйдүн короосундагы сырткы дааратканага түшүп кетип каза болду.
Окуя 12-июнда Биринчи май районунда болгон. Тогуз айлык баланын турак жайдын короосундагы чуңкур дааратканага түшүп кеткени тууралуу билдирүү 112 номерине келип түшкөн.
Окуя болгон жерге шаардык куткаруу кызматынын беш куткаруучусу жөнөтүлгөн.
Куткаруучулар баланын жансыз денесин алып чыгып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Окуянын жагдайлары иликтенүүдө.