Социалдык тармактарда айдоочунун башка айдоочуга кол салганы тартылган видеотасма тарады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, окуя 14-майында түштөн кийин болгон. Жабырлануучу «Smart Generation» фондунун директору, 50 жаштан ашкан араб жараны болгон.
Чыр-чатак чет элдик жаран айдоочуга жол кыймылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн сигнал бергенден кийин башталганы кабарланууда. Тасмада эркек киши унаадан түшүп, айдоочуга кол салганы тартылган.
Милиция окуя боюнча тактоо жүргүзүүдө.