• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте аялдардын укугу үчүн жөө жүрүш өтөт. ЕККУ байкоо жүргүзөт

7 Жалган куран 202516:26 Бишкек Govori.TV

Акыйкатчы институту менен ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары бюросу (ЕККУ/ДИАУБ) тынчтык жыйындарына мониторинг жүргүзүү боюнча тажрыйба алмашып, кызматкерлерди окутат. Бул тууралуу тараптар эл аралык уюмдун өкүлдөрүнүн КР Акыйкатчы институтуна болгон иш сапарында макулдашты.

Жыйында Акыйкатчынын орун басары Жанибек Жоробаев менен ЕККУ/ДИАУБдун адам укуктары боюнча кеңешчиси Анете Эрдман жарандардын тынч чогулуу эркиндигине болгон укуктарын ишке ашыруу маселесин талкуулашты.

«Жүрүш аркылуу зомбулукка жана басмырлоого дуушар болгон аялдарга чын жүрөктөн колдоо көрсөтүлөт деп ишенебиз», — деди Жанибек Жоробаев.

ЕККУнун Миссиясы Бишкекте 8-мартка белгиленген аялдардын укуктары үчүн жүрүшкө байкоо салууну пландоодо. Институт жардам көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Анете Эрдман тынч чогулуштарды мыйзамдык жактан жөнгө салууга, митингдин катышуучуларына жана митингдерди чагылдырып жаткан ЖМК өкүлдөрүнө карата укук коргоо органдарынын иш-аракеттеринин алгоритмине кызыкты.

ДИАУБ адам укуктары боюнча кеңешчиси институттун кызматкерлерин атайын методологиянын жардамы менен демонстрацияларга мониторинг жүргүзүүгө үйрөтүүнү сунуштады.

Количество просмотров: 234