КРнын Акыйкатчы Институтунун (Омбудсмен) кызматкерлери ОБСЕнин Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун өкүлдөрү менен биргеликте 8-мартка карата өткөн тынчтык жыйынына көз салышты.
Мониторинг гендердик теңчиликке жана аялдардын укуктарын илгерилетүүгө арналган жөө жүрүштүн катышуучуларынын укуктарынын сакталышын камсыздоо максатында жүргүзүлдү.
Акыйкатчы Институтунун жарандык жана саясий укуктарды коргоо бөлүмүнүн кызматкерлеринин айтымында, жөө жүрүштүн катышуучулары Тышкы иштер министрлигинин мурдагы имаратынан чыгып, тынчтык митингдерди өткөрүүгө уруксат берилген М. Горкий атындагы скверге чейин барышты.
“Жөө жүрүштө катышуучулар аялдардын укуктарын толук ишке ашыруу тилектештигин билдирген ураандарды айтышты. Милиция кызматкерлери катышуучулардын ыңгайлуу жана тоскоолдуксуз жүрүшүнө шарт түзүп, жол кыймылын көзөмөлдөп турушту. Мындан тышкары, жүрүштүн талабына ылайык, коопсуздукту камсыздоо максатында тиешелүү коштоочулар да иш алып барышты”, — деп билдирди институттун кызматкерлери.
Андан соң, тынч жыйын жыйынтыкталып, катышуучулар тынч тарап кетишти. Бул жыйынга мониторинг жүргүзүү учурунда чогулган жарандардын укугу бузулган фактылар аныкталган жок.