Бишкекте электр жарыгы массалык түрдө өчүрүлгөнүн шаар тургундары кабарлашууда.
Окурмандардын айтымында, саат 15:30дар чамасында электр жарыгы өчүрүлгөн.
Өчүрүүлөр шаардын борборунда, борбордун түштүк-чыгышындагы бир нече конуштарда жана башка райондордо катталган.
«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун басма сөз кызматы билдиргендей, учурда алар өчүрүүлөрдөн жабыркаган аймактарды жана массалык өчүрүүнүн себебин иликтеп жатышат.