ӨКМ тараткан маалыматка ылайык, Бишкек шаарынын Свердлов районуна караштуу Учкун конушунда бүгүн, 28-майда алдын ала маалымат боюнча эмерек жасоочу цехтен чыккан өрт чектөөгө алынды.
Белгилей кетсек, өрттү өчүрүүгө саат 15:34тө Октябрь райондук №7 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, саат 16:02де Октябрь райондук №5 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 1 бөлүм, андан кийин кошумча дагы 2 бөлүм тартылып, жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана Штаб жеринде иш алып барууда.
Өрт саат 16:51де чектөөгө алынды. Учурда толук өчүрүү иштери жүргүзүлүүдө. КР ӨКМдин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 800 чарчы метрди түзөт.