Бишкек шаарынын Биринчи Май районунун Чыңгыз Айтматов көчөсүндө көп кабаттуу үйдө кырсык тууралуу маалымат түшкөн.
Таңкы саат 6:20дан тарта шаардык өрт өчүрүү бөлүктөрүнөн жалпы 4 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Алар үйдүн 50 жашоочусун коопсуз тилкеге эвакуациялашкан.
Өрт өчүрүүчүлөрдүн күжүрмөн аракети менен 08:50дө чектөөгө алынып, тилсиз жоонун аянты болжол менен 800 чарчы метр аянтты кучагына алды. Жеринде толук өчүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу кошумча маалымат берилет.