• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Бишкекте окуучулар тамакка ууланган

1 Жетинин айы 202516:07 Бишкек Govori.TV

31-октябрдын кечинде Бишкек шаарындагы Сейтек Steam менчик мектебинде тамакка ууланганын айткан 58 адам ооруканага кайрылышкан. Алардын 54ү балдар.

Балдар күндүз мектепте шаурма жегенин айтышкан.

Саламаттык сактоо министрлиги кабарлагандай, тамакка ууланып кайрылгандардын ичинен 7 бала жана 2 улуу адам ооруканага жаткырылды. Калгандары үйүнөн дарыланууга жиберилди. Алардын баарына тиешелүү дары-дармек берилди.

Учурда бул окуя боюнча санитардык-эпидемиологиялык териштирүү жүрүп жатканы кабарланды.

Количество просмотров: 148