• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Окуучуну жүк ташуучу машине менен сүзүп кеткен айдоочу кармалды

30 Жетинин айы 202512:12 Бишкек Govori.TV

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгы Сокулук районунда окуучуну сүзүп кеткен айдоочу кармалганын билдирди.

Облустук милициянын маалыматында 28-ноябрда түшкө жуук Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Сокулук айылынын Фрунзе жана Краснодар көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.

Милиция кызматкерлери окуя болгон жерген барганда 38 жаштагы айдоочу “Хово” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган автоунаа менен 16 жаштагы окуучуну сүзүп кетип, өспүрүм ошол жерде каза болгону такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу” беренеси менен иш козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Количество просмотров: 74