Бишкек. 06. 04.2018. Govori.TV
Бүгүн, 6-апрелде Бишкектеги “Дамас” мейманканасында психатриялык ооруга чалдыккан балдардын укуктары боюнча талкуу өтөт. Бул тууралуу Акыйкатчы инситутутун маалымат кызматынан билдиришти.
Анда белгилүү болгондой, тегерек жыйынды Акыйкатчы тарабынан даярдалган «Республикалык балдар психиатриялык ооруканадагы балдардын укугу» аттуу атайын баяндаманын долбоору коомдук активисттер, эксперттер менен укук коргоочулар тарабынан талкууланмакчы.
“Негизги максат- Республикалык балдар психиатриялык ооруканасында дарыланып жаткан балдардын укуктарынын жана эркиндиктеринин сакталышынын абалына мамлекеттик органдардын, коомчулуктун көңүлүн бурдуртуу жана анын чечилиш жолдорун талкуулоо”,-деп айтылат билдирүүдө.
Эске сала кетсек, 2015-жылдагы статистика боюнча 524 өзүнө кол салуу аракети катталса, анын 90 пайызы балдарга туура келет. Адистер муну балдар арасында психатриялык илдеттердин жайылыпы барытышы менен түшүндүрүшөт