• Жума 19 Кулжа 2026
  • Пятница 19 Июнь 2026

Бишкекте салаттан массалык уулануу болду

19 Кулжа 202610:24 Бишкек Govori.TV

Бишкекте Арча-Бешик конушундагы медреседе тамак-аштан уулануу белгилери менен 37 адам медициналык жардам сурап кайрылган.

Маалыматка ылайык, бейтаптар 18-июнда саат 12:00дөн баштап кабыл алуу бөлүмүнө түшө баштаган. Эпидемиологиялык иликтөөнүн жүрүшүндө алар оливье салатын жешкендиги аныкталган.

10 бейтап ооруканага жаткырылса, калган 27сине амбулатордук дарылоо дайындалган.

Количество просмотров: 23