22-февралда Сауд Арабия мамлекетинин түзүлгөн күнүн белгилейт. Бишкектеги Тарых музейинде бул күндү белгилөө Сауд Арабиянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулду. Иш-чарага расмий өкүлдөр, дипломаттар жана коомдук ишмерлер чакырылган. Музейде падышалыктын тарыхы, маданияты, каада-салты жана мурастары тууралуу сүрөт көргөзмө уюштурду.
Бул мамлекеттик майрам январдын аягында король Салман бин Абдулазиз Аль Сауддун атайын жарлыгы менен белгиленген. 27-январда монарх 22-февралды Сауд мамлекетинин түзүлгөн күнү деп жарыялоо тууралуу жарлыкка кол койгон.
1727-жылдын февраль айына туура келген 1139-хижрий жылдын ортосу (мусулман ай календары боюнча) биринчи Саудия мамлекетин түзгөн Имам Мухаммад бин Сауд Аль-Мукриндин башкаруусунун башталган күнү деп эсептелерин эске алып буйрук чыккан.
Негиздөө күнүн белгилөө Сауд мамлекети негизделгенден бери өткөн үч кылымды чагылдыруу мүмкүнчүлүгү деп эспептеленет. 22-февраль эс алуу күнү.