Бишкек шаарында 25 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында мэр Азиз Суракматов билдирди.
Анын айтымында, таксист болуп иштеген адам үй-бүлөсүндөгү 6 адамга да ооруну жуктурган.
«Биринчи учур – бир үй-бүлөдө эле таксист болуп иштеген жаран коронавирусун жуктуруп, өзүнүн ооруп жатканын билбестен үй-бүлөсүнүн 6 мүчөсүн – жубайын, кызын, күйөө баласын, эки уулун жана небересин – кошо ооруткан. Экинчи учур – башка үй-бүлөдө бир жаран 4 жакын тууганына ооруну жуктурган.», — деди мэр.
2020-жылдын 7-апрелине карата Бишкек шаарында коронавирус менен 25 адам ооруганы аныкталды. Бул 25 адам жакын туугандары болгон 66 адам менен жана бирге иштеген, дос-тааныштары болгон 204 адам менен байланышкан, — деп билдирди калаа башчысы А.Суракматов.