• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Бишкекте той өткөрүүгө чектөө киргизилеби? Министрдин жообу

31 Жалган куран 2021 12:22 Бишкек Govori.TV


Бишкекте коронавирус боюнча кырдаалга байланыштуу той жана үлпөт тойлорду өткөрүүгө чектөө киргизүүнү мерчемдөөдө. Бул тууралуу саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев «Биринчи радиого» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Республикалык штабдын бүгүнкү кеңейтилген жыйынында чечим кабыл алынат.

«Борбор калаанын жана өлкөнүн ар бир району эпидемиологиялык кырдаал боюнча отчёт берет дагы ошого жараша болот. Чечим бар, аны бүгүн кечке жуук же эртең жарыялайбыз»,-деди министр.

Белгилей кетсек, Чүй облусу менен Бишкек шаарында коронавирус жуктургандар көбөйүп, калаада санитардык көзөмөл күчөтүлдү. Бишкек мэриясы атайын мобилдик бригадалар менен мекеме-ишканаларды текшерип, жарандарды санитардык талаптарды так аткарууга чакырып жатат.

Количество просмотров: 520