Бишкек шаарынын мэриясы борбор калаанын тургундарына жана конокторуна акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайлар үчүн төлөмдөрдү өз убагында жүргүзүү зарылдыгын эскертет.
Муниципалитеттен билдиришкендей, унаа токтотуучу орундарды натыйжалуу башкаруу жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуу максатында «Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм» ишканасынын кызматкерлери «Жөө патруль» мобилдик тиркемесин колдоно башташат.
Бул санариптик курал унаа орундарынын толушун эсепке алууга жана эреже бузууларды каттоого мүмкүндүк берет.
«Укук бузуулар кодексине ылайык, акы төлөнүүчү муниципалдык унаа токтотуучу жайдын акысын төлөөдөн качуу үчүн жеке жактарга – 10 эсептик көрсөткүч (1 000 сом), юридикалык жактарга – 50 эсептик көрсөткүч (5 000 сом) өлчөмүндө айып пул салынат», — деп айтылат маалыматта.
Мэрия бул чаралар унаа орундарын узак убакытка ээлеп туруу учурларын азайтып, бардык айдоочулар үчүн бирдей, ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталганын белгилейт.