Бишкекте жаңы заманбап төрөт үйүнүн курулушуна капсула салынды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Бүгүн 2024-жылдын 12-декабрында Бишкек шаарында 200 орундуу жаңы төрөт үйүнүн курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү.
Жалпы наркы 420 миллион сомду түзгөн 5 кабаттуу жаңы имарат толугу менен Садыр Жапаровдун колдоосу менен табылган инвесторлор тарабынан каржыланат.
1936-жылы курулган №1 төрөт үйү республикадагы алгачкылардан болуп саналат. Учурда репродуктивдүү курактагы аялдардын саны 83 миңден ашкан Бишкек шаарынын Свердлов районундагы аялдарды тейлейт. Андыктан, төрөттүн көбөйүп, шаардын кеңейип баратканын эске алуу менен жаңы заманбап төрөт үйүн куруу зарылдыгы келип чыккан.