• Жума 17 Теке 2026
  • Пятница 17 Июль 2026

Бишкекте жубайлардын чыры өлүм менен аяктады

15 Жетинин айы 202411:20 Бишкек Govori.TV

Бишкекте жубайлардын чыры өлүм менен аяктады. Бул тууралуу Ленин РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 15-ноябрь күнү саат 07:40 чамасында милицияга ооруканадан телефон чалышып, аларга 1997-жылы туулган Н.А. аттуу келин бычактан көптөгөн жаракат алып түшкөнүн, бирок алган жаракаттарынан улам эсине келбей каза болгонун билдиришкен.

Тергөөгө чейинки текшерүү иштеринин алкагында Ленин РИИБдин ыкчам тергөө тобу ооруканага барган. Алар Шералиев көчөсүндөгү жеке үйлөрдүн биринде жубайлар уруша кетишкени, экөө тең бычактан жараат алганы аныкталган.

Алар туугандары тарабынан ооруканага жеткирилген.

Каза болгон келиндин 1990-жылы туулган А.Р. аттуу күйөөсү жандандыруу бөлүмүндө
жатат.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 256