Бишкекте быйыл жыл аягына чейин жарандарга ипотекага 2 184 батир берүү пландалууда. Бул тууралуу мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасынын орун басары Нурадил Баясов билдирди.
Анын айтымында, анын ичинен Калык Акиев көчөсүндө салынып жаткан үйдөн 216, “Жал” кичи районунан 288, Скрябина көчөсүндө салынып жаткан турак жайдан 549, Маликова көчөсүнөн 986, Юдахин көчөсүнөн 81, “Тунгуч” кичи районунан 54, Анкара көчөсүнөн 10 батир берилет.
Кошумчалангандай, ушул тапта мамлекеттен ипотекага үй алуу үчүн 32 миңден аышк адам кезекте турат.