• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Бишкектеги №47 колониянын ордуна кандай кичи район курулат? (сүрөт)

25 Үчтүн айы 2023 16:53 Бишкек Govori.TV

Бишкектеги №47 колониянын ордуна 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда. “Бишкек башкы архитектура” мамлекеттик мекемеси долбоордун эскиздери менен бөлүштү.

Эскерте кетсек, буга чейин президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев жеткиликтүү ипотекалык турак-жай жана өлкөнүн тышкы карызын социалдык долбоорлор жана жашыл демилгелер менен алмаштыруу жөнүндө маалымат менен бөлүшкөн.

Анын айтымына караганда, 2022-жылдын майында Кыргызстандын министрлер кабинети менен KFW Германиялык өнүктүрүү банкынын ортосунда “Карызды алмаштыруу IV – Турак жай программасы” макулдашуусуна кол коюлган, анын алкагында 14,9 млн евро өлчөмүндөгү каражат этап-этабы менен “МИК” ачык акционердик коомуна берилет.

Бүгүнкү күндө 4,966 млн евро өлчөмүндөгү биринчи транш берилди. Бул каражаттар “Карызды алмашуу IV – Турак жай программасы” макулдашуусунун алкагында өлкөнүн аймактарында (Бишкек жана Ош шаарларынан башкасы) жашаган жана иштеген, ишмердиктин түрүнө карабастан, бардык категориядагы жарандарга жеңилдетилген ипотекалык кредиттерди берүүгө жумшалат.

Бишкек шаарында мындай курулуш үчүн участоктордун бири мурдагы №47 түзөтүү колониясынын жери болуп саналат, анда 10 миң батирлүү кичирайон куруу пландалууда.

Количество просмотров: 89